Испания соту грузиялык кылмыштуу топтун ана башчысын арам акчаны адалдоо үчүн 7 жарым жылга түрмөгө кести. Захар Калашов ошондой эле 24,6 миллион доллар айып пул төлөөгө милдеттендирилди. Ал Испанияга Дубайдан 2006-жылы алынып келген. Соттун ырастоосунда, Калашов адам уурдоо, мыйзамсыз кумарканалардан түшкөн арам акчаны Испанияда кымбат машиналарды, турак жай сатып алууга сарптаган. Айыпкер жаза мөөнөтүнүн басымдуу бөлүгүн өтөгөндөн кийин гана мекенине кайта алат жана ага Испаниянын аймагына 10 жылга чейин барууга тыюу салынды. Калашовдун адвокаты аппеляциялык арыз берилеерин айтты.