Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 07:19

Сох анклавынан оор согуштук техникалар алынат


Кечээ Өзбектандын Фергана облусундагы Водил айылында кыргыз-өзбек чек арасындагы кырдаал боюнча сүйлөшүү өттү. Алты саатка созулган сүйлөшүүгө эки өлкөнүн Чек ара кызматтарынын башчылары баштаган топ катышты. Аймактагы кабарчыбыз Жеңиш Айдаровдун билдиришинче, анда тараптар бир топ макулдашууга жетишишти. Сох анклавдын айланасындагы талаш чыгарып жаткан жерлерди кыргыз тарап тикенектүү зым менен тосуп чыкмай болду. Өзбекстан болсо блокадада калган Кыргызстандын Чарбак айылындагы суу менен жолду калыбына келтирүүгө, кошумча чек ара бекеттерин алып салууга макул болду. Соңку учурда Баткендеги Сох анклавынын тегерегинде чыр чыгып, 31-майда кыргыз тарап Сохту Өзбекстан менен байланыштырган жолду жапкан. (EBM)

XS
SM
MD
LG