Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:44

И. Исаков чек ара маселелерин көзөмөлдөгөнгө Баткенге барат


Аймактагы кабарчыбыздын маалымдашынча, бүгүн убактылуу өкмөттүн түштүктөгү атайын өкүлү, Коргоо министринин милдетин аткаруучу Исмаил Исаков Баткенге барып, Чарбак менен Согмент айылындагы абал менен жеринен таанышат. Ошондой эле аталган айылдарга облус жетекчилери да барып өзбек тарап менен макулдашкан келишимдердин аткарылышын көзөмөлдөйт. Кечээ өзбек-кыргыз чек арасындагы кырдаалды жөнгөрүү боюнча эки өлкөнүн Чек ара кызматтарынын башчыларынын сүйлөшүүсү өтүп, чек арага байланыштуу кырдаалды оңдоо боюнча бир топ макулдашууга жетишишти. (EBM)

XS
SM
MD
LG