Линктер

шаршемби, 20-сентябрь, 2017 Бишкек убактысы 21:00

Улуттук филармониянын жетекчиси алмашты


Убактылуу өкмөттүн төрайымы Роза Отунбаеванын 31-майдагы Декрети менен Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармониянын директору Керим Турапов кызматынан алынып, анын ордуна Кыргыз эл артисти, төкмө акын Мир (Замирбек) Үсөнбаев дайындалды. Ушул эле күнкү дагы бир декрет менен Улуттук опера жана балет театрынын директору болуп Тимур Саламатов дайындалды. Буга чейин аталган театрды Болот Осмонов жетектеп келген болчу. Бул тууралуу Убактылуу өкмөттүн басма сөз кызматынан маалымдашты. (AJ)

“Азаттык” үналгысы журтташтар арасында жарыялаган онлайн сынак аяктады. Сынакка келген материалдар менен бул жерден таанышсаңыз болот. ​

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG