Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:17

Транзиттик борбордун күйүүчү май куюучу учактары башка жакка которулду


Кыргызстан менен эки тараптуу сүйлөшүүлөр жыйынтыкталмайынча КС-135 үлгүсүндөгү күйүүчү май куюучу учактары убактылуу башка жакка которулду. Бул тууралуу “Манастагы” Транзиттик борбордун коомчулук менен байланыш боюнча бөлүмүнүн башчысы, АКШнын аба күчтөрүнүн майору Жон Илоф “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, “Манас” аба майданындагы Транзиттик
борбор Ооганстандагы коалициялык аскер күчтөрүн колдоо боюнча иштерин улантууда.

Маалыматтарга караганда, полковник Блэйн Холт “Манас” аба майданындагы Транзиттик борбордун командачылыгын полковник Дуэйну Соунска тапшырып берет. Дуэйну Соунс 15-июнда кызматына киришери айтылууда. Ал АКШнын Аскерий аба күчтөрүнүн жогорку курсунан офицердик чин алып, жогорку класстагы учкуч болуп эсептелет. (AJ)

XS
SM
MD
LG