Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:23

Нарындын мэри А.Кулматовду кызматтан кетүүгө мажбурлап жатышат


Нарындагы кабарчыбыздын маалыматына караганда, бүгүн облустагы координациялык кеңештин атынан элүүгө чукул жаш жигиттер Нарын шаар башчысынын иш кеңсесине кирип барышып, Алмаз Кулматовду мурдагы режимдин учурунда иштеген деп айыптап, аны өз каалоосу менен мэр кызматынан кетүүгө мажбурлап, опузалап арызын жаздырып алышкан.

Алмаз Кулматов аны мурдагы режимдин колдоочусу деген айыптоолорду четке кагып, жетекчилик кызматта мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн иштеп келгенин жана шаарды өнүктүрүү боюнча толтура жакшы пландары бар экенин, бирок митингге чыгып аткан адамдар иштөөгө мүмкүнчүлүк бербей жатканын белгилеп, башка ишке которуу жөнүндө өткөөл мезгилдин президенти Р. Отунбаевага арыз жазганын “Азаттыкка” ырастады.

Мэриянын кызматкерлери мындай көрүнүштү мыйзамсыз деп каршы чыгышып, мэрдин кызматынан алуу жана дайындоону шаардык кеңештин депутаттары чечиш керек деген көз караштарын билдиришти. Ошол эле учурда мэрдин жактоочулары да жооп иретинде каршы митинг өткөрүүнү болжоп жатканын айтышты.

XS
SM
MD
LG