Линктер

ишемби, 24-июнь, 2017 Бишкек убактысы 03:12

1993-жылдагы Конституцияны калыбына келтирүү сунушталды


Бул тууралуу Коомдук парламенттин мүчөсү Касымбек Райымкул уулу “Азаттыкка” билдирди. Анын айытымында, бүгүн бир катар саясий партиялардын, коомдук уюмдардын өкүлдөрү, жеке ишкерлер катышкан эки жүздөн ашуун адам жыйын өткөрүп, 1993-жылы 5-майда кабыл алынган Конституцияны калыбына келтирүү маселесин көтөрүштү.
Маалыматка караганда жыйында өлкөдөгү саясий-экономикалык кырдаал талкууланып, 1993-жылдын Конституциясына ылайык парламенттик жана президенттик шайлоо өткөрүү, укуктук талаага келүү, Конституциялык сотту калыбына келтирүү, мурдагы президенттер Аскар Акаев менен Курманбек Бакиевди Аксы окуясы, 7-апрел окуясы жана экономикалык кылмыштары үчүн жоопко тартуу боюнча 6 пункттан турган токтом кабыл алынды. (AJ)

XS
SM
MD
LG