Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Декабрь, 2023-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 19:32

Нетаньяху аскерлердин операциясы туура иш болду деп билдирди


Израиль өкмөт башчысы Беньямин Нетаньяху билдирүү жасап, аскерлердин түркиялык кемеге чабуул коюшун актоого аракеттенди. “Израиль мамлекети эл аралык коомчулуктун эки жүздүүлүгүнө туш болууда”, - деди Нетаньяху. Анын айтымында, түркиялык кеме тынчтык максаттарды көздөгөнү чындыкка коошпойт. Жөөт премьери Газа тилкесине жүктү тикелей ташууга киргизилген эмбарго кала берет деди. Израиль 31-майда эларалык сууларда кармалган 700 активистти депортациялоо процессин улантууда. Израиль менен дипломатиялык алакалары жок мусулман мамлекеттеринин жарандары Иордания аркылуу жөнөтүлүп жатат. Алар Израилде суусуз, тамак-ашсыз кармалып келгенин айтышууда. Кемелер Газага гуманитардык жардам жеткирип баратышкан.

XS
SM
MD
LG