Убактылуу өкмөт башчынын биринчи орун басары Алмазбек Атамбаев кечээ Анкарада Түркиянын президенти Абдулла Гүл жана түрк өкмөт башчысы Режеп Тайып Эрдоган менен жолукту. Анда тараптар эки өлкө ортосундагы экономикалык карым-катышты андан ары улантуу, өнүктүрүү тууралуу сүйлөшүштү. Бул тууралуу убактылуу өкмөттөн кабарланды. (EBM)