Т.Абдымомунов атындагы Кыргыз улуттук драма театры Чыңгыз Айтматовдун “Чыңгызхандын ак булуту” аттуу чыгармасы боюнча сахналаштырган спектаклин Алмата шаарында эл аралык театр фестивалында тартуулап, баш байге Гран-прини жеңип алды. Бул тууралуу Маданият министрлигинин көркөм өнөрдү өнүктүрүү боюнча башкармалыктын башкы адиси , театр сынчысы Тыныбек Сыдыков “Азаттыкка” билдирди. Аталган спектаклди түркмөн режиссеру Какажан Ашыров сахналаштырган.
Башкы каарман Чыңгызхандын ролун ойногон Эл артисти Кыргызбай Осмонов 26-майдан 30-майга чейин Алматада өткөн эл аралык фестиваль тууралуу бүгүн маалымат жыйынын өткөрүп, кыргыз драма театрдын артисттеринин чыгармачылыгына токтолот. (AJ)