Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:52

Ташкентте кыргыз балбандары күмүш медалга татыктуу болду


Кечээ (2-июнда) Өзбекстандын баш калаасы Ташкент шаарында спорттук самбо боюнча Азия чемпионаты ачылып, анда Кыргызстандан барган балбан кыздар Анара Эстебесова, Рахат Асангазиева күмүш медалды жеңип алды. Ал эми 62 кг. салмактагы балбан Нурлан Эралиев менен 68 кг. салмактагы Темурлан Бокоев дагы жеңишке жетишип күмүш медалга татыктуу болду. Бул тууралуу спорттук кабарчыбыз Кабыл Макеш билдирди. Анын айтымында, Ташкентте өтүп жаткан самбо боюнча Азия чемпионатына 20 мамлекеттин 500гө чукул балбандары күч сынашууда. Бүгүн дагы Кыргызстандык балбандар атаандаштары менен беттешет.
Маалыматка караганда самбо күрөшү күжүрмөн жана спорттук деп экиге бөлүнөт. Самбо боюнча дүйнөлүк, европа, Азия чемпионаттары өткөрүлүп келгени менен олимпиадалык оюндарга киргизиле элек. (AJ)

XS
SM
MD
LG