Бул тууралуу Убактылуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка караганда Апрел окуясы боюнча түзүлгөн мамлекеттик комиссия апрел-май окуяларынын себептерин ар тараптуу изилдеп чыгып, ага саясий баа берүүнүн шарттарын карайт. Бул окуяга тиешелүү маалыматтарды атуулдар мамкомиссиянын Жогорку Кеңеште жайгашкан коомдук кабылдамасына келип тапшыра алышат.
6-7-апрелдеги кандуу окуяда 87 адам каза болуп, 1500дөн ашууну жаракат алган. (AJ)
6-7-апрелдеги кандуу окуяда 87 адам каза болуп, 1500дөн ашууну жаракат алган. (AJ)