Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Декабрь, 2023-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:55

Ооганстандын лойа жыргасы Талибан менен элдешүү маселесин талкуулоодо


Уруу башчылардын курултайы катары эсептелген лоя жырганын бүгүн экинчи иш күнү. Ага чогулган 1600 делегат 28 топко бөлүнүп алып иштеп жатат. Талкуулардын жүрүшүндө президент Карзайдын өкмөтү талибдердин кимиси менен жана кантип элдешүүсү керектиги боюнча идеялар жаралуусу керек.

Лойа жырганын кечээги алгачкы иш күнүндө талибдер жыйынды үзгүлтүккө учуратууга аракеттеништи. Аялдардын паранжысын жамынган үч согушкер көзөмөл тилкесинен өтүп, кеминде бир ракета атууга үлгүрүшкөн. Ошондой эле жыйын өтүп жаткан жайдан алыс эмес жерде атышуулар жана жарылуу орун алды. Делегаттардан эч ким жабыр тарткан жок. Ооган полициясынын маалыматына караганда, кол салгандардын экөөсү жок кылынып, бирөөсү кармалган.

XS
SM
MD
LG