Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:12

Түрк өкмөт башчысы Израилге эскертүү жасады


Премьер- министр Режеп Тайып Эрдогандын бүгүнкү сөздөрүнө караганда, Израиль эгер “акыл-эсин ” оңдобосо, аймактагы өтө маанилүү досунан айрылуусу мүмкүн. Түркиялык экспортчулардын бүгүнкү курултайында сүйлөгөн сөзүндө Эрдоган ошондой эле Анкара палестиначыл тогуз активисттин өлүмүнө көз жумбай турганын билдирди. Алар Израиль Палестинанын Газа секторуна жардам алып бара жаткан флотилияга ушул дүйшөмбү күнү жасаган жортуул учурунда каза тапкан. Өлгөндөрдүн сегизи Түркиянын, бирөөсү АКШнын теги түрк жараны болгон. “Эркиндик флотилиясы” деген кемелердин бортунан кармалып, Израиль депортациялаган чет элдик 527 активист бүгүн Стамбулга келди. Аларды Стамбулдун аба бекетинде өкмөттүн жетекчилери, депутаттар тосуп алды.

XS
SM
MD
LG