Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:44

Жалал-Абадда ынтымак маселеси талкууланды


Талкууга Жалал-Абад шаары менен Сузак районундагы коомчулук жана бийлик бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү катышты. Алар май айында болгон тополоң үчүн саясатчыларды айыпташып, эл арасына жик салуу аракеттерине карабай, калк ынтымагы бекем калгандыгын белгилешти. Элди өз кызыкчылыгына пайдаланбоосу үчүн дили бузук, бир топту экинчисине тукурган адамдардын азгырыгына кирбөө чакырыгы жасалды. Улут аралык мамилеге доо кетирбөө үчүн массалык маалымат каражаттарын маалыматтарды так, окуяларды калыс чагылдырууну өтүнүштү. Талкуу-семинар ЕККУ колдогон “ Түштүк Кыргызстанда улут аралык мамилелерди позитивдүү өнүктүрүү “ деген долбоордун алкагында Сузак райондук бийлиги жана бейөкмөт уюмдун уюштуруусу менен өттү.(YA)

XS
SM
MD
LG