Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:33

Убактылуу өкмөт Коопсуздук кеңеш түзүүнү кийинкиге калтырды


Бул тууралуу Убактылуу өкмөттүн отурумуна катышып келген кабарчыбыз билдирди. Анын айтымында, Коопсуздук кеңешин түзүү маселесин талкууда Убактылуу өкмөт башчысынын орун басары Азимбек Бекназаров Убактылуу өкмөт башчынын биринчи орун басары Алмазбек Атамбаев менен Өмүрбек Текебаев чет мамлекетте иш сапарында жүргөндүгүнө байланыштуу келерки отурумда кароону сунуштап, анын сунушу колдоо тапты. Өткөл мезгилдин президенти Роза Отунбаева өлкөнүн, жарандардын, коомдун коопсуздугун камсыз кылуу багытында Коопсуздук кеңешти түзүү зарыл экенин билдирди.
Ошондой эле отурумда Убактылуу өкмөттүн айрым мүчөлөрүнүн парламенттик шайлоого катышуусу жана Ак үйдү Жогорку Кеңешке берүү маселеси дагы кийинкиге жылдырылды. (AJ)

XS
SM
MD
LG