Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:18

Түркиянын Израиль менен алакасы мурдагыдай болбойт


Түрк президенти Абдулла Гүл бүгүн теледен сүйлөгөн учурунда билдиргендей, Израиль менен алака эми “эч убакта мурдагыдай болбойт”.Абулла Гүлдүн айтымында, Израилдин ушул дүйшөмбүдөгү аракети эки тараптуу алакага “терең жана оңолгус” так салды. Дүйшөмбү күнү Израилдин аскерлери Газа секторуна гуманитардык жүк тартып бара жаткан кемелерге жасаган жортуулдан тогуз адам каза тапкан эле. Алардын сегизи Түркиянын, бирөөсү АКШнын теги түрк жараны болгон. “Эркиндик флотилиясы” деген кемелердин бортунан кармалып, Израиль депортациялаган чет элдик 527 активист бүгүн Стамбулга кайтып, баатырларча тосулуп алынды. Израилдин тышкы иштер министри Авигдор Либерман окуя боюнча эл аралык иликтөө жүргүзүү жөнүндөгү чакырыктарды четке какты. Бул аралыкта Газа секторун көздөй Ирландиянын гуманитардык жүк салган кемеси бара жатат. Кемедегилер жүктү алдыдагы дем алыш күндөргө карата жеткирүүгө үмүттөнүүдө. Уюштуруучулардын айтымында, кокус Израиль аларды кармоого умтулса, каршылык көргөзүшөйт. Ирландиялык “Рейчел Корри" деген кеменин ичинде Нобель Тынчтык сыйлыгынын лауреаты Мейрид Корриган-Магуир да бар.

XS
SM
MD
LG