Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:57

"Эркиндик флотилиясы" Газага жардам жеткирүүнү улантмакчы


Газа тилкесине гуманитардык жардам жеткирип бараткан ирландиялык кеме артка кайтты. Иш-чараны уюштуруп жаткан “Эркиндик флотилиясы” кыймылынан ырасташкандай, делегацияны көбөйтүү чечими кабыл алынган. Азырынча ага 15 киши, анын ичинде Нобель тынчтык сыйлыгынын лауреаты, ирландиялык Майрид Магуйар кирет. Алар өз катарына дүйнөнүн булуң-бурчунан белгилүү адамдарды жана журналисттерди кошулууга үндөшүүдө. Кеме Газага качан жол тартаары азырынча белгисиз. 31-майда Израилдин аскерлери менен кагылышууда түркиялык гуманитардык кемеде бараткан палестиначыл 9 активист каза болгон. Түрк президенти Абдулла Гүл курман болгондордун таажыясында сүйлөп, бул окуя эки өлкөнүн мамилелерине чоң салака тийгизди деп билдирди. Набыт кеткендердин 8и түрк жарандары, дагы бирөө теги түркиялык АКШ жараны болуп чыкты. АКШ Мамлекеттик департаментинин басма сөз катчысы Филип Кроулей ал кишинин өлүмү иликтенет деди.

XS
SM
MD
LG