Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:46

С. Аламанов чек ара боюнча комиссияга кирбей калды


Убактылуу өкмөт кечээ кеңейтилген жыйынга чогулуп Кыргызстандын коңшу мамлекеттер менен чек арасын аныктоо боюнча комиссия түздү. Анын башчылыгына Эрик Асаналиев дайындалды. Комиссия жетекчисинин орун басарлыгына Саламат Аламановдун талапкерлиги көрсөтүлдү. Бирок бул сунуш өткөн жок. Убактылуу өкмөттүн айрым мүчөлөрү С. Аламановду анын тушунда Кыргызстандын Үзөнгү-Куш, Каркыра жайлоосу жана Аксы районундагы айрым жерлер коңшуларга өтүп кеткен деп айыпташты. С. Аламанов мурунку бийликтин маалында өкмөттө регионалдык маселелер боюнча бөлүмдү жетектеп турган. (EBM)

XS
SM
MD
LG