Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:22

А. Атамбаев Түркиядагы иш сапардан келди


Бул тууралуу анын басма сөз катчысы “Азаттыкка” билдирди. Маалыматка караганда Убактылуу өкмөт башчынын биринчи орун басары Алмазбек Атамбаев Анкарада Түркиянын президенти Абдулла Гүл жана түрк өкмөт башчысы Режеп Тайып Эрдоган менен жолугуп, эки өлкө ортосундагы экономикалык карым-катнашты мындан ары өнүктүрүү тууралуу сүйлөштү.
Кечээ А.Атамбаев Түркиянын Изник шаарындагы мындан 700 жыл мурда түрктөр менен биргеликте душмандардын мизин кайтарган кыргыз жоокерлерине курулган “Кыргыз күмбөздөрү” мавзолейинде болду.
Ал эми жергиликтүү түрк тарыхчыларынын айрымдары "бул жерге кырк кыздын сөөгү коюлуп, “Кыр кыздын күмбөзү” деп аталып калган",- деген көз карашта экендиги тууралуу маалымат бар. (AJ)

XS
SM
MD
LG