Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 18:09

Кинорежиссер Д.Садырбаевдин ысымы “Кыргызтелефильмге” ыйгарылды


Бул тууралуу токтомго Убактылуу өкмөттүн төрайымы Роза Отунбаева бүгүн кол койду. Мындай чечим белгилүү коомдук ишмер Д.Садырбаевдин кыргыз кино өнөрүнө кошкон зор салымын эске алып, ысымын түбөлүккө калтыруу багытында кабыл алынганын басма сөз кызматынан билдиришти. Коомдук телерадиоберүү корпорациясы менен Маданият министрлигине токтомго ылайык нормативдик укуктук жактан документтештирүү тапшырылды.
Коомдук ишмер, саясатчы, кинорежиссер, Жогорку Кеңештин үч жолку чакырылышынын депутаты Дооронбек Садырбаев 16 көркөм тасма, 70ке чукул хроникалык-даректүү тасмаларды тартып, бир нече ыр китептерин чыгарып, публицистикалык чыгармаларын жарялаган. Ал 2008-жылы 28-майда Чүй облустук ооруканасында көз жумган. (AJ)

XS
SM
MD
LG