Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:33

Р.Отунбаева: “Манастагы” Транзиттик борбор боюнча сүйлөшүүлөр жүрүүдө


"Мурда “Манас” аба майданындагы АКШнын Транзиттик борборунун учактарын күйүүчү май менен камсыз кылып келген “Аалам сервис” компаниясын мамлекетке кайтаруу боюнча аракеттер көрүлүүдө. Ал жердеги коррупциялык системаны жоготуп, мурда үй-бүлөнүн чөнтөгүнө түшүп келген каражаттарды мамлекеттик бүджетке түшүрөбүз",-деп Убактылуу өкмөттүн төрайымы Роза Отунбаева “Азаттыкка” берген маегинде билдирди. Анын айтымында, “Манастагы” Транзиттик борборду күйүүчү май менен өкмөт түздөн-түз камсыз кылуу маселеси эки тараптуу сүйлөшүүдө жакын арада аныкталат.

Транзиттик борбордун коомчулук менен байланыш боюнча бөлүмүнүн маалыматына караганда Убактылуу өкмөт менен АКШ тарап сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жаткандыгына байланыштуу КС-135 үлгүсүндөгү күйүүчү май куюучу учактар убактылуу башка жакка которулган. (AJ)

XS
SM
MD
LG