Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:36

Стамбулда миңдеген адам Израилге каршы демонстрацияга чыкты


Шаардагы Беязит мечитинин алдына Түркиянын жана Палестинанын желектерин көтөргөн миңдеген адам чогулду. Алар антиизраилдик билдирүүлөрдү кыйкырып жатышат. Бүгүн бул мечитте дүйшөмбүдө түрк кемесине болгон чабуул учурунда көз жумган тогуз түрк активистинин биринин таажиясы өтүп жаткан. Дүйшөмбүдө Газа тилкесине гуманитардык жардам алып жөнөгөн кемеге Израилдин аскерлери чабуул койгон эле. Дүйнөлүк коомчулук бул үчүн Израилди катуу айыптады. Активисттер азыр палестиналыктарга гумжардам жүктөлгөн дагы бир кеме жөнөгөнүн айтышууда. Израил Газанын блокадасын бузууга жол бербей турганын билдирди.

XS
SM
MD
LG