Мындай маалыматты облустук акимчиликтин экономиканы өнүктүрүү жана ишкердүүлүктү колдоо бөлүмүнүн башчысы Салижан Хамрабаев бүгүн «Азаттыка» билдирди. Анын айтымында, Өзбекстандын Сох анклавын айланып өтүүчү Баткен-Бүргөндү-Пүлгон жолунун биринчи бөлүгү - 62 чакырым аралыкты куруу үчүн Европалык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынан 35 млн. доллар бөлүнүп, жолду кытайлык «Синзянь Бежин» компаниясы кура турган болду. Аталган компания ушул айдын соңуна чейин уюштуруу иштерин бүткөрүп, кийинки айдан баштап жол куруу иштерин баштамакчы. Мындан сырткары жолдун калган бөлүгү үчүн Дүйнөлүк банктан 25 млн. доллар жана Европа банкынан 8,5 млн. евро бөлүнүп, жакынкы эки айда куруучулар анкыталып, келээрки эки жыл аралыгында Өзбекстандын Сох анклавын айланып өтүүчү жол заман талабына жооп бергендей кылып бүткөрүлмөкчү. (JsA)