Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:57

Референдумду өткөрүүгө көмөк көрсөтчү штаб түзүлдү


Эмгек, жумуштуулук жана миграция министрлиги референдумду уюштуруу жана өткөрүү боюнча штаб түздү. Штаб курамына министрликтен 12 киши кирип, аны стат-катчы Тынычбек Таабалдиев жетектейт. Аталган министрликтин басма сөз кызматынан “Азаттыкка” билдиргендей, штаб референдумда шайлоо бекеттерин аныктоо, чет жактагы кыргыз диаспораларынын жардамы менен мигранттардын тизмесин тактоого көмөк көрсөтөт. Ошондой эле штаб өкүлдөрү аймактарда референдум боюнча семинар-тренингдерди өткөрөт. Референдум 27-июнга белгиленген. (КЕ)

XS
SM
MD
LG