Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:47

А.Акаев: Орусия Кыргызстанга каржылык колдоо көрсөтүүдө өтө кылдат болушу керек


Бул тууралуу Кыргызстандын мурдагы президенти Аскар Акаев 4-июнда Орусиянын РБК-ТВ сыналгысына курган маегинде билдирген. Ал Кыргызстан Орусиянын жардамысыз кризистен чыга албай турганын белгилеп, берилип жаткан насыяларды Москва көзөмөлгө алышы керектигин айткан. А.Акаевдин айтымында, каражаттар натыйжалуу колдонулушу үчүн орусиялык менеджерлер жетектеген атайын фонд түзүү керек.

Кыргызстандын биринчи президенти 2005-жылдын 24-мартындагы ыңкылапта мекенинен качып кетүүгө аргасыз болгон. Аны ошол кездеги оппозиция үй-бүлөлүк башкарууга жол берип, коррупцияны күчөттү деп айыпташкан. Быйылкы апрель ыңкылабынан кийин түзүлгөн Убактылуу өкмөттүн бир мүчөсү Азимбек Бекназаров Аскар Акаевден да кол тийбестик укугун алып салуу аракети көрүлүп жатканын билдирген. (КЕ)

XS
SM
MD
LG