Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:00

“Ата журт” партиясы шайлоого даярданууда


Өңчөй мурдагы чиновниктерден турган “Ата журт” партиясы күздө өтөрү пландалып аткан парламенттик шайлоого даярдыктарды көрүүдө. Бул тууралуу “Азаттыкка” аталган партиянын тең төрагасы Өмүрбек Субаналиев билдирди.

“Ата журт” партиясынын беш тең төрагасы бар. Алар, Коррупцияны алдын алуу агенттигинин мурдагы жетекчиси Садыр Жапаров, Салык кызматынын мурдагы жетекчиси Ахматбек Келдибеков, мурдагы миграция министри Айгүл Рыскулова, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин мурдагы башчысы Камчыбек Ташиев жана Нарын облусунун мурдагы губернатору Өмүрбек Субаналиев. (IJz)

XS
SM
MD
LG