Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:57

Ө.Текебаев баштаган делегация Венециядан бүгүн келет


Бул тууралуу “Азаттыкка” “Ата мекен” партиясынан кабарлашты. Убактылуу өкмөттүн жетекчисинин орун басары, референдумга коюлуп жаткан баш мыйзамдын долбоорун иштеп чыгышкан Конституциялык кеңештин төрагасы Өмүрбек Текебаев баштаган делегация Венеция комиссиясынын жыйынына катышуу үчүн үч күн мурда Италияга кетишкен. Ө.Текебаев Венеция комиссиясынын жыйынында Кыргызстандагы кырдаал, конституциялык реформалар тууралуу баяндама жасады.

Айта кетсек, Европа Биримдиги Венеция комиссиясы аркылуу Кыргызстандагы реформаларга колдоо көрсөтө турганын билдирип келатат. Мындан мурда аталган комиссиянын өкүлдөрү келип, баш мыйзамдын жаңы долбоору боюнча өз сунуштарын берип кетишкен. (IJz)

XS
SM
MD
LG