ЧУКУЛ КАБАР!
24-Ноябрь, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 06:10

Өнүккөн 20 өлкө экономикалык өсүштү тең салмактоого макулдашышты

Эки күндүк жыйындын катышуучулары ички суроо-талапты бекемдөө менен глобалдык экономикалык кайра жанданууну колдоого чакырык кабыл алышты.

– Европа реформанын жана финансылык колдоонун абдан күчтүү, өтө таасирдүү алкагын иштеп чыкты. Алар бул реформага өз өкмөттөрүнүн толук саясий колдоосун алуу үчүн абдан тездик менен иштеп жатышат, - деди Тимоти Гейтнер -АКШнын Казна катчысы.

Түштүк Кореянын Бусан шаарында өткөн жыйындын катышуучулары ошондой эле жарды өлкөлөргө дүйнөлүк каржы уюмдарынын жардамын күч алдырууга макулдашышты.
​
XS
SM
MD
LG