НАТОнун билдиришинче, үч аскер өлкөнүн түштүгүндөгү жол кырсыгында, дагы бири түштүктө бомба жарылганда, ал эми бешинчиси чыгыштагы кол салууда көз жумду. Испания Ооганстандын түндүк-батышындагы козголоңчулардын буктурмасында эки аскери жараат алгандыгын билдирүүдө. Ал эми ооган өкмөтүнүн билдирүүсүнө ылайык, өлкө боюнча бүгүнкү кол салууларда төрт тартип коргоочунун өмүрү кыйылды.