Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:47

Мексика булуңундагы мунай капсалаңы көзөмөлгө алынууда


Америкалык өкүлдөр булуңдун түбүндөгү түтүктүн сыныгынан оргуштап чыгып жаткан мунай-газды сордуруп алууда айрым жылыш бар экендигин кабарлашты. Британиялык БиПи корпорациясынын жетекчиси Тони Хейуарддын билдиришинче, сынган түтүккө жабылган капкак аркылуу бир күндө 10,000 баррел мунай сордурулуп алынды. Бул ысык булактан күндө 20 миң баррелге чукул мунай атып чыгып, мухиттин суусу менен аралашып жатат. Хейуард « келерки апта соңундагы дабы бир мунай сордуруучу аспап орнотулгандан кийин, мунайдын басымдуу көпчүлүгү көзөмөлгө алынат» деген үмүтүн билдирди. БиПи бургулаган мунай кууру мындан 47 күн мурда жырылып кеткенден бери, кара май АКШнын төрт штатынын жээктерин булгап, бул - өлкөнүн тарыхындагы эң ири мунай капсалаңы болуп калды.

XS
SM
MD
LG