Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Декабрь, 2023-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:44

Франция жана Британия 31-майдагы окуяны териштирүүгө чакырды


Француз жана британ тышкы иштер министрлери Бернар Кушнер менен Уилям Хейг эл аралык коомчулукка ушундай сунуш менен кайрылышты. Бул күнү Газага гуманитардык жүк алып бараткан кемелерде израил аскерлери менен болгон кагылышта тогуз киши набыт болгон эле. Израил өкмөтү бул сунушту жакынкы аралыкта караганы жатат. Бирок Израилдин АКШдагы элчиси Михаэл Орен өкмөт бул сунушту четке кагышы ыктымал деп билдирди. 31-майдагы окуя Түркия менен Израилдин мамилесин курчутту. Мурда Улуттар Уюмунун баш катчысы Пан Ги Мун да эл аралык иликтөө өткөрүүнү сунуш кылган эле.

XS
SM
MD
LG