Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:17

Кыргыз тарап Сох анклавынын айланасын тикенек зым менен тосот


Бул тууралуу “Азаттыкка” Баткендеги чек ара отрядынын зардалысы Саитжан Эратов билдирди. Анын айтымында, анклавдын айланасында жалпысынан 26 километр жер тосулат. Азыр ченеп чектөө иштери башталды. Май айында Баткенде жайытка байланыштуу жаңжал чыккан. Буга кыргыз тараптын Өзбекстандын Хушаяр айылынын тургундарына жайытты пайдаланууга бербей койгону себеп болгон. Баткен облусунун Укук коргоо жана коргонуу бөлүмүнүн башчысы Таштемир Эшалиевдин маалымдашынча, өзбек бийлиги Кыргызстандагы жайыттарды пайдалануу тууралуу келишимге кол коюудан баш тартууда. 1-июнда кыргыз-өзбек чек арасындагы жаңжал боюнча эки тараптуу сүйлөшүү жүрүп, Өзбекстан анклавдын айланасындагы талаштуу жерлерди тосууга макул болду. (EBM)

XS
SM
MD
LG