Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:13

Айдоочулар Ош-Эркечтам автожолун тосууга ниеттенишүүдө


Кара-Суу районуна караштуу Каратай айылынын жанында Ош-Эркечтам жолунун боюнда жүзгө чукул жүк ташуучу унаанын айдоочулары талаптары аткарылбаса жолду тосо турган ниеттерин билдиришти. Бул тууралуу Оштогу кабарчыбыз маалымдады. Анын айтымында, алар Кытайдан келген жүк ташуучу унааларды өлкө аймагына киргизбей чек арада токтотуп, алардын ордуна Кыргызстандын айдоочуларын жумуш менен камсыз кылууну талап кылышууда. Маалыматка караганда, Убактылуу өкмөт башчысынын орун басары Азимбек Бекназаров буга чейин айдоочулар менен жолугушуп, 1-июнга чейин алардын маселесин чечүүгө убада кылган. Бирок алардын талаптары аткарылбагандыктан айдоочулар Ош-Эркечтам жолун тосо тургандыктарын айтышууда. (AJ)

XS
SM
MD
LG