Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:43

Э.Байсалов “Айкөл эл” партиясын түзөт


Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнүн арасындагылардын кимисинин партиясы болсо, аларды бир жуманын аралыгында ээлеген кызматтарын бошотуп берүүгө чакырык таштаганын Эдил Байсалов бүгүн маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, жогорку кызматтарды ээлеген саясатчылар өздөрүнүн партиясынын кызыкчылыгы үчүн аракет кылышы мүмүкүн. “Эл азыркы бийликтен акыйкат жана эркин шайлоо өткөрүүнү күтүп жатат”,-дейт Э.Байсалов.

Ал ошондой эле “Айкөл эл” деген аталыштагы жаңы партия түзүп, анын уюштуруу иштери менен алектенерин белгиледи.

Мурдагы бийлик учурунда СДПнын мүчөсү Эдил Байсалов буга чейинки парламенттик шайлоо алдында шайлоо бүлетенин ачыкка чыгарып жиберген делип айыпталып, камакка алына турган болгондо чет өлкөгө качып кеткен. Ал 7-апрел ыңкылабынан кийин Швециядан келип, Убактылуу өкмөттүн төрайымы Роза Отунбаеванын аппарат жетекчиси болуп иштеп жаткан. (AJ)

XS
SM
MD
LG