Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:18

Б.Калыев менен О.Малеванаянын иши жакын арада сотко өтөт


Бул тууралуу маалымат жыйынында билдирген Убактылуу өкмөт башчынын орун басары Азимбек Бекназаровдун айтымында, мурдагы коргоо министри Бактыбек Калыевге, президенттин катчылыгынын мурдагы жетекчиси Оксана Малеванаяга байланыштуу иш өзүнчө каралып, жакын арада сотко өткөрүлөт. “Тергөө соңуна чыгып, баллистикалык экспертизанын жыйынтыгы калды. Ким элге ок ат деп буйрук бергени, ким күнөөлүү экени далилденип калды”,-дейт А.Бекназаров. Мурдагы коргоо министри Бактыбек Калыев 7-апрелде Бишкекте Ак үйдүн жанында күч органдары тарабынан элге ок атуу болгондон кийин мурдагы президент Курманбек Бакиевди коштоп Жалал-Абаддагы Теит айылына барган. К.Бакиев 15-апрелде өлкө аймагынан чыгып кеткенден кийин Б.Калыев колго түшүрүлүп, камакка алынган.
Ал эми О.Малеваная кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деген айып менен 4-майда Улуттук коопсуздук кызматынын тергөө абагына камалып, 17-майда үй камагына чыгарылган болчу. (AJ)

XS
SM
MD
LG