Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Март, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 14:33

Азия Универсал Банкын улутташтыруу жөнүндө Декрет чыкты


Аталган банктын акцияларын мамлекетке кайтаруу тууралуу Декретке өткөөл мезгилдин президенти Роза Отунбаева бүгүн кол койду. Бул тууралуу Убактылуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.
Буга чейин Азия Универсал Банк Михаил Надель менен мурдагы президенттин кичүү уулу Максим Бакиевге таандык экени айтылып келген.

Маалыматка караганда, 7-апрелдин алдында Азия Универсал Банк аркылуу Максим Бакиев баштаган топ өлкөдөн 157 миллион долларды четке чыгарып кетсе, 7-8-апрелде Кыргызстандан 12 млрд. сом, Улуттук банктан 3 млрд. 225 млн. сом чыгарып кетүүгө үлгүргөн.

Азия Универсал Банктын акцияларын мамлекеттештирүүнү документтештирүү маселесин чечүү боюнча Улуттук банк менен Каржы министрлигине бир жумалык мөөнөт берилди. (AJ)

XS
SM
MD
LG