Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:48

Төртилтик Газага гумжардам тарткан кемелерге кол салууну талкуулайт


Израилдин Газага гумжардам тарткан деңиз кербенине кол салуусун Жакынкы Чыгыш тынчтык төртүлүгүнө мүчө АКШ, Европа Биримдиги, Россия жана БУУ бүгүн 7-июнда талкуулайт.

Бу жыйын БУУнун башкатчысы Пан Ги Мундун израилдик командостун чабуулун иликтөө үчүн эларалык комиссия түзүү жөнүндөгү сунушуна Израил ынабай койгондон кийин чакырылды.

Түркия эгер Тел-Авив Газага гумжардам тарткан кемелерге жасаган чабуул боюнча эл аралык иликтөөгө макул келбесе, Израил менен кадресе кызматташуу жөнүндө сөз болбош керек деп санайт. Түркиянын тышкы иштер министри Ахмет Даудоглу Израилдин БУУнун башкатчысынын сунушун четке какканы, калаба тууралуу алар “жашырчу нерсе бар экенин күбөлөйт”, -деп билдирди.

Түркия Израил менен союздаш жалгыз мусулман өлкө. Бирок 31-майда Газага гумжардам алып бараткан кемелерге кол салуудан кийин эки өлкөнүн мамилеси кескин осолдоп кеткен.

Франциянын Тышкы иштер министри Бернард Кушнердин билдиришинче, Евробиримдик Газага жөнөтүлгөн гумжардамдарды коштоосу, жардам менен кошо курал жарактын өтпөсүн текшерүүгө алышы мүмкүн.

1,8 миллион калктуу Газа сектору үч жылдан бери Израилдин камоосунда.


XS
SM
MD
LG