Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:58

Германия өкмөтү үнөмдөө планын бекитти


Германия өкмөтү карыздан чыгуу үчүн келерки төрт жылда 80 миллиард евро үнөмдөшү абзел. Ал үчүн, Тышкы иштер министри Гидо Вестервелленин айтышынча, өкмөт 2011-жылы 11 миллиард евро, 2012-жылы 17,1 млрд., 2013-жылы 25,7 млрд., 2014-жылы 32,4 млрд. евро үндөмөшү шарт. Быйыл Германиянын өкмөттүк карызы 5 проценттен кем эмес өсөт деп боолгонууда. Европа Союзунун нормасы боюнча, Биримдиктин мүчөлөрүнүн карызы ички дүң жыйымдын 3 процентинен ашпоо керек. Канцлер Ангела Меркелдин сөзүнчө, “Германия федералдык чыгымдарды кыскартууда башкаларга үлгү болчудай мүмкүнчүлүгү бар”.

XS
SM
MD
LG