Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:21

Бишкектин четиндеги Ак-Жар жаңы конушундагылар жолду ачышты


Бул тууралуу аталган айылдын тургундары “Азаттыкка” кабарлашты. Бүгүн эртең менен 500дөй киши шаарды айланып өтүүчү автожолго КамАЗ унаасын коюп, кан жолду буушкан. Алар бийликтен Ак-Жар жаңы конушуна электр жарыгын, таза суу киргизүүнү талап кылышкан.
Маалыматка караганда нааразы болгон эл менен Аламүдүн районунун акими, раойндун укук коргоо органдарынын жетекчилери жолугушуп, эртеңден баштап конушка электр зымы тартыла баштарын, калган көйгөйлүү маселелерди четинен чечип беришерин убада кылышты. (AJ)

XS
SM
MD
LG