Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:34

Р.Отунбаева 4 жаштагы К.Маматкадырованын абалы менен таанышты


Өткөөл мезгилдин президенти Р.Отунбаева “Жал” кичи районунда жайгашкан энелерди жана балдарды коргоо борборунда болуп, ал жерде дарыланып жаткан 4 жаштагы Кубра Маматкадырованын абалы менен таанышып, аны дарылоого мамлекет тарабынан жардам көрсөтүлөрүн айтты. Бул кичинекей кыз 19-майда Жалал-Абаддагы баш аламандыкта атышууда жаракат алган. Аны Москвадагы ооруканалардын биринде дарылоо боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Роза Отунбаева энелерди жана балдарды коргоо борборуна өкмөт ар тараптуу жардам көрсөтөрүн, буга чейин борборго аппарат алуу үчүн 85 миллион сом которулганын белгиледи. Бул тууралуу Убактылуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти. (AJ)

XS
SM
MD
LG