Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Март, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 14:42

Нарындын мэри А. Кулматовдун таламын талашкан коомчулук өкүлдөрү Бишкекке келди


Ак-Талаа райондук кеңешинин депутаттары жана мамлекеттик мекеме-ишканалардын жетекчилери Нарын шаарынын мэри А. Кулматовду кызматында калтырууну же ошол деңгээлден кем эмес кызмат берүүнү өтүнүп өткөөл мезгилдин президенти Р. Отунбаевага кайрылышты. Кайрылууга кол койгондордун үч өкүлү Убактылуу өкмөттүн жетекчисине жолугуу үчүн бүгүн Бишкекке келишти. Бул жөнүндө Ак-Талаа райондук кеңешинин депутаты Бексултанов Бегалы “Азаттыкка” кабарлады. Ушундай эле өтүнүч-талаптарды Нарын шаарындагы жана Кочкор районундагы коомчулуктун өкүлдөрү да билдирүүдө. Акталаалыктар менен кочкорлуктардын А. Кулматовдун таламын талашып жаткан себеби, ал Нарын шаарынын мэри кызматына барганга чейин Кочкор районунда аким болуп беш жыл, андан кийин Ак-Талаа райондорунда аким болуп төрт жарым жыл иштеген. А. Кулматов Нарын шаарында координациялык кеңеш атанган кыймылдын атынан барган адамдардын кысымына жана коркутуп-үркүтүүсүнө туш болуп, кырдаалдын туруктуулугу үчүн деп башка кызматка которуу өтүнүчү менен Р. Отунбаевага арыз жазган болчу. Убактылуу өкмөт Нарын шаарынын мэринин арызы боюнча азыр чечим кабыл ала элек. Нарында апрель айындагы ыңкылапта областтык бийлик алмашкандан кийин мамлекеттик кызматты талашып-тартышкан адамдардын ортосунда жаңжалдар болуп жатат. 3-июнда шаардагы беш бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү коркутуп-үркүтүп кызматтан алуу аракеттерине каршы нааразылык акциясына чыгышкан. (КС)

XS
SM
MD
LG