Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:35

Украина ЭВКнан майнап чыкпаса, Орусияга кайрылат


Вице- премьер министр Сергей Тигипконун билдиргенине караганда, эгер Эл аралык валюта кору Украинанын 19 миллиард доллар өлчөмүндө насыя ажыратуу жөнүндөгү өтүнүчүн канааттандырбаса, Киев карыз сурап Орусияга жана башка мамлекеттерге кайрылат. Эл аралык валюта кору карыз алардан мурда Украина бюджет таңкыстыгын кыскартуусу, коммуналдык кызмат акыларын көтөрүүсү керек деп эсептейт. Насыянын шарттарын талкуулоо үчүн эртең Киевге валюта корунун кезектеги миссиясы келет. Кор былтыр Украинага насыя берүүнү мурдагы өкмөт каржыны үнөмдөө боюнча убадасын орундабаганына байланыштуу токтотуп койгон.

XS
SM
MD
LG