Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:47

Жаза өтөө мекемелер башкармалыгынын жетекчисинин иши сотко өттү


Жаза өтөө мекемелер башкармалыгынын жетекчисинин милдетин аткаруучу Шейшенбек Байзаковго административдик жазанын 400-берененин 2-эскертүүсү боюнча айып тагылып, Свердлов райондук сотуна өткөрүлүп берилди. Бул тууралуу Жаза өтөө мекемелер кызматындагы мыйзамдуулуктун аткарылышын көзөмөлдөө боюнча адистешкен прокуратуранын жетекчиси Кубан Мамакеев “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, 7-апрель окуясынан кийин аталган прокуратура кызматкерлери Жаза өтөө мекемелер башкармалыгынын имаратынын 3-кабатына жайгашып иштеп жатышкан.

“Жаза өтөө мекемелер башкармалыгынын жетекчисинин милдетин аткаруучу Шейшенбек Байзаков адистешкен прокуратуранын кызматкерлерин башка имаратка көчүү өтүнүчү менен кат жиберип, нөөмөт кызматкерлерине жаза өтөө мекемелеринде мыйзамдуулукту көзөмөлдөгөн адистешкен прокуратура кызматкерлерин киргизбөө тууралуу ооз эки буйрук берген. Муну менен ал “Прокуратура жөнүндө” мыйзамды одоно бузду. Анын кесепетинен Убактылуу өкмөттүн мунапыс тууралуу Декретин аткаруу үзүлтүккө учурашы мүмкүн”,-деди К.Мамакеев.

Жаза өтөө мекемелер башкармалыгынын басма сөз кызматы болсо жетекчи Шейшенбек Байзаковго административдик айып коюлганын тастыктап, ал адистештирилген прокуратура кызматкерлерин имараттан чыгаруу же иш ордуна киргизбөө тууралуу эмес, спорт залга прокуратура кызматкерлерин намаз окуганга жана башка бөлмөлөрдү намаз окуучу жайга айлантууга тыйуу салган оозеки көрсөтмө бергенин билдирди.

Ошондой эле басма сөз кызматы Убактылуу өкмөттүн мунапыс жөнүндө Декрети боюнча иштер Жаза өтөө мекемелер башкармалыгы тарабынан үзгүлтүккө учурабай эле өз убагында аткарылып жатканын белгиледи. (AJ)

XS
SM
MD
LG