Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:42

Сохко кирбей өтчү Айгүл-Таш – Согмент жолун курууга 3,5 млн. сом керек


Мындай маалыматты Баткен облустук бийлигинин маалымат катчысы Мамажан Бердишов бүгүн «Азаттыка» билдирди.
Анын айтымында, облус губернаторунун милдетин аткаруучу Султан Айжигитов Өзбекстандын Сох анклавын айланып өтүүчү 17 чакырым Айгүл-Таш – Согмент - Таян автожолун кенейтүүгө жана капиталдык ремонтуна 3,5 млн сом акча каражатын каржылоого көмөк көрсөтүү жагын жана 8 чакырым Согмент –Таян жолунун курулуш иштерин улантууну тездетүү үчүн өткөөл мезгилдин президенти Роза Отунбаевага кайрылды. Аталган жол Баткен районунун 10 айылын Сох анклавына көз карандысыз кылып, аймакта чек арага байланышкан пикир келишпестиктер учурунда бирден бир байланыш катары пайдаланылып келет.

Өткөн жумада убактылуу өкмөттүн түштүк аймагы боюнча өкүлү Исмаил Исаков чек арадагы бир жумага созулган тирешүү болгон Согмент айылынын тургундары менен жолугушуу учурунда аталган жолду оңдоого убактылуу өкмөттөн каражат бөлдүрүүгө жардам берээрин билдирген эле.(JsA)

XS
SM
MD
LG