Бүгүн “Эркин тандоо үчүн” деген аталышта жарандык коом өткөргөн жыйында 27-июндагы референдумда Конституциянын эки долбоору үчүн өзүнчө бүллетен, Роза Отунбаеваны өткөөл мезгилдин президенти кызматына көрсөтүү боюнча өзүнчө бүллетен болушу керектиги айтылды. Ошондой эле жаңы Баш мыйзамдын долбоору Убактылуу өкмөт тарабынан таңууланганы, анда техникалык жана грамматикалык каталар арбын экендиги белгиленди.
Конституциялык кеңешменин катчысы Данияр Нарынбаев айрым жарандык уюмдардын, саясий партиялардын бир катар сунуштары Баш мыйзамдын долбооруна киргизилгенин, бул долбоорго Венеция комиссиясы жогору баа бергенин билдирди. (AJ)