Бул тууралуу Чек ара кызматынын нөөмөт бөлүмүнөн “Азаттыкка” билдиришти. Маалыматка караганда, Кытай эл республикасында каза болгондорду эскерүү күнүнө карата “Эркештам” жана “Торугарт” чек ара бекеттери 14-июндан 16-июнга чейин жабылат. Бул күнү кытайлыктар көзү өтүп кеткен ата-энелерди, зилзала жана башка кырсыктардан набыт кеткендерди эскерүү ырым-жырымын өткөрөт. (AJ)