Бул тууралуу 6-7-апрель окуяларын иликтеген мамлекеттик комиссиянын мүчөсү “Азаттыкка” билдирди. Маалыматка караганда бир тууган Бакиевдер жакын туугандары аркылуу түштүк аймагына көп суммадагы акча алып барып элге таратканы боюнча укук коргоо органдары билдирген. Буга байланыштуу К.Бакиевдин жээни кармалып, камакка алынганы айтылууда.
Ал эми Таластагы апрел окуясы башталганга чейин эле укук коргоо органдары камоо ишин 4-апрелде “Ак шумкар” партиясынын мүчөлөрүн кармоо менен баштаган. 6-7-апрелде митингге чыккандардын арасында кош бойлуу аялдар, мектеп окуучулары бар экендиги эске алынбай Талас облустук ички иштер башкармалыгынан көздөн жаш агызуучу газ колдонулган. Бул элдин кыжырын келтирип милиция кызматкерлери менен кагылышууга себеп болгон.
Апрель-май окуяларын иликтеген мамлекеттик комиссия Ош, Жалал-Абад, Талас облустарында апрель-май окуясына күбө болгондор, облустук-райондук жана укук коргоо органдарыны жетекчилери менен жолугушуп маалымат топтоп келишти. (AJ)