Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:02

Украинада оппозициянын эки телеканалы лицензиядан айрылды


"Азаттыктын" украин кызматы билдиргендей, Киев сотунун чечими менен, Канал-5 жана ТиВи каналдары ушул кышта алган жаңы жыштыктарынан ажырап калды. Оппозиция лидери Юлия Тимошенко "Сотко кайрылгандан пайда жок, анткени алар мыйзам же Конституция менен эмес, бир гана (президент) Януковичтин буйругу менен иштейт", деп ырастады.

Бирок Януковичтин администрация башчысынын орун басары Ханна Херман Канал-5 иштеп жатат жана аны эч кандай сот жаба албайт"- деп убада кылды.

Жергиликтүү медиа эксперттеринин айтымында, аталган эки канал көз карандысыз жаңылыктарды алып чыккан өлкөдөгү саналуу маалымат каражаттарынан.

XS
SM
MD
LG