Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:39

Голландияда парламенттик шайлоо өтүп жатат


Шайлоого катышкан 18 партиядан бири да "чү" дегенде эле көпчүлүк добуш ала албайт деп болжолдонууда. Бирок сурамжылоо калк арасында иммиграцияны чектөөнү туура көргөн оңчул партияларга колдоо күч алгандыгын көрсөтүүдө. Бирок христиан-демократтардын жол башчысы, учурдагы өкмөт башчысы Петер Балкененде негизги маселе экономика экендигин билдирди:

- Эл экономикалык, финансылык кризис тууралуу сөз кылып жатканын көрүп турасыздар. Аларды жумушсуздук камтама кылат, ошондуктан, шайлоо өнөктүгүндө дал ушул суроо негизгиси маселе болду.

Борборчул-оңчул Либералдык партия баарынан көп добуш алат деп күтүлүүдө. Исламга кастарын тиккен "Эркиндик" партиясы да бир топ колдоого ээ болот шекилдүү.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG